Өлкөдө күйүүчү майдын баасы 2%га чейин кымбаттады

Кыргызстанда күйүүчү май 1,5-2 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов “Азаттыкка” билдирген.

Белгилүү болгондой, күйүүчү май Орусиядан өкмөт аралык келишимге ылайык, төлөмдөрсүз алынып келген. Бирок учурда жыл аяктап калганына байланыштуу анын лимити аягына чыкты. Мындан тышкары доллардын кымбатташы да бензиндин баасынын көтөрүлүшүнө себеп экендиги айтылды.

“Баалар өлкөнүн аймактарына жеткирүү акысына жараша түрдүү болот”,-деген Канат Эшатов.

Эске салсак, Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы март, апрель айларында арзандай баштаган. Анда өткөн жылга салыштырмалуу баалар 10-12 сомго төмөндөгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.