Өлкөдө эрте никеге каршы акция өтүп жатат

Жашы жете элек кыздардын эрте турмуш куруусуна каршы акция өлкөнүн бардык аймактарынада өтүп жатат. Мындай багыттагы форум театр 5-декабрда Ош шаарында өттү.

Иш чараны “Аруулан” кризистик борбору уюштурган. Форум театрда эрте никенин азабын тартып, көйгөйгө кабылган жашы жете элек келиндердин турмушу чагылдырылган.

“Максаты – эрте турмуш курууга каршы коомчулук менен биргилекте күрөшүү.  Секелек кыздардын турмуш курушуна бөгөт коюуга багытталган мыйзам бар, бирок эл арасында түшүнүк жакшы эмес. Биз мына ушундай иш чаралардын алкагында коомчулукка эрте нике кылмыш экенин, анын айынан көптөгөн социалдык маселелер жаралып, кыз-келиндердин укугу тебеленип жатканын түшүндүрөлү дедик”, – деди  “Аруулан” кризистик борборунун жетекчиси Наргиза Эштаева.

Эскерте кетсек, эрте турмуш курган кыздардын саны боюнча  Кыргызстан  дүйнөдө 59-орунда турат. Абалдан чыгуу үчүн Жогорку Кеңеш депутаттары эрте никеге тыюу салуу боюнча мыйзам кабыл алган. Ал быйыл жазында күчүнө кирип,  эрте никеге себепчилер жоопкерчиликке тартылып жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.