Өлкөдө чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борбору түзүлдү

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей,Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет жердеги жарандарды ишке орноштуруу борборун түзүү чечими кабыл алынды.

“Аталган чечим эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоого багытталган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, бир миллионго чукул кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт. Алардын көбү – Орусияда. Орусиядан башка Түркия жана Казакстанга да барып иштеген мигранттар көп.

Кыргызстанды 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык, жакынкы беш жылда бийлик өлкөдөгү жумушсуздукту 5,8ден 5 пайызга чейин кыскартууга ниеттенүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.