Өлкө боюнча 26 мектеп онлайн окутууга өттү

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2 миң 334 мектептин 26сы онлайн окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу Бишкек шаарында 16 , Чүй облусунда 10 мектеп карантинге жабылды.

Мындан тышкары, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс онлайн окутууга өткөрүлдү. Анын ичинен Чүй облусунда 55, Бишкек шаарында 9, Талас облусунда 6, Нарын облусунда 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 класс.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.