Өлкө аймагында өткөн суткада 5 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде өлкө аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 5 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда маалымдалгандай, Бишкек шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Баткен облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Талас облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган. Өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч келтирген учур катталган жок.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 кырсыкка ыкчам түрдө жардам көрсөтүлгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.