
20-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан-чачын жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 18-19-марттарда Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
- 16.03.2022