“Ливерпуль” футболдук клубу мөөнөтүнөн мурда Англия чемпиону аталды

“Ливерпуль” футболдук клубу 30 жылдан кийин биринчи жолу мөөнөтүнөн мурда футбол боюнча Англия чемпиону болду. Буо тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Англия Премьер-Лигасынын 31-турунун алкагында “Ливерпулдун” башкы атаандашы “Манчестер Сити” клубу лондондук “Челси” клубуна каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңилип калды. Бул оюн “Ливерпуль” командасына чемпиондукту алып келди.

“Ливерпуль” футболдук клубу акыркы жолу Англия Премьер-Лигасын 1990-жылы жеңип алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.