Лейлектиктердин укуктук сабатсыздыгы жоюлат

Баткендин алыскы Лейлек районунда юридикалык борбор ачылды. Район калкы эми укуктук кеңеш үчүн мурдагыдай Баткен шаарына барып убара болушпайт. Исфанада түзүлгөн борбордо юридикалык консультациялардын баардык түрлөрү акысыз берилет. Мында  квалификацияланган юридикалык жардам да көрсөтүлөт. Муну менен алыскы район элинин укуктук сабатсыздыгын жоюу максаты көздөлгөн.

Лейлек району Баткен шаарынан 200 чакырым алыс. Аймактагылар юридикалык жардамга муктаж болсо, облус борборуна барууга туура келчү. Ошондуктан, калк арасында өз укугун билбей, мүлк же мурасын коргой албагандар көп.

Мындай сабатсыздыкты жоюу үчүн Юстиция  министирлиги ЮСАИДдин биргелешип башкаруу программасынын алкагында Исфана шаарына укуктук кенеш берүүчү борбор ачты. Жергиликтүүлөр акысыз юридикалык кеп кенештерди алуу менен бирге квалификацияланган юридикалык жардам  да ала алышат. Ал үчүн борбордо 1 юрист жана адвокат иштейт.

Облустун Кадамжай районунда ушундай эле укуктук борбор 15-июнда ишке кирди. Эске салсак, Юстиция министирлиги 2009-жылдан тарта юридикалык борборлорду ача баштаган. 2015-жылы Ош жана Чүй облустарында 10 борбор эл аралык  уюмдар менен биргеликте түзүлгөн. Ушул жылы Баткен жана Жалал-Абад облустарына 4 борборду ачуу пландалган. Мындай кадам калк арасындагы укуктук сабатуулукту кенейтүү максатын көздөйт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.