Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш аймакка жакын жайгашкан станциялардын биринде өрт 4-июлда саат болжол менен 20.30да чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо эки сааттан кийин чектөөгө алынып, 5-июлда таңкы саат 5 жарымга жакын толук өчүрүлгөнүн кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө Кыргызстан тараптан бир, Тажикстандан үч бөлүм тартылган. Май куючу станция толугу менен күйүп кеткен.
4 фура, 2 газ ташуучу автоунаа, 2 спринтер, 1 жеңил машине да өрттөнүп кетти. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Өрттүн эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.