
Баткендин Лейлек районунда каналдын ичинен гранатометтун эки снаряды табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Анда маалымдалгандай, 10-январда Лейлек районунун Исфана шаарында жайгашкан УКМКнын чек ара кызматынын кызматкери Интернационал айылына жакын жердеги талаадан жергиликтүү тургундар снаряд таап алышканын маалымдаган.
Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгышып, текшерүүдө “Козу-Баглан” суу каналынын ичинен РПГ-7В үлгүсүндөгү гранатометтун эки снаряды табылган.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аскер бөлүктүн саперлору менен биргеликте жардыруу иштерин жүргүзүшкөн.
Жарылган түзүлүш боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды.

- 18.01.2022