Лейлекте 20 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй салып беришти

Лейлектин Кулунду айылынын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү,  жалгыз бой энеге там салып беришти. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.

Лейлектин Кулунду айылынын тургуну Айгүл Ысманова 4 жылдан бери 3 баласы менен  эскилиги жеткен үйдө күн кечирип келген. Кышкысын суук тарткан имарат ижарага берилген. Өзү жумушсуз үйдө олтурат. Ал эми 1 кыз, 2 уулу мектепте окушат. Андыктан аларга жардам катары айылдагы мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү үч бөлмөлүү үй салып беришти. Эми жаңы жылда  жаңы үйгө көчүп кирүү алдында турат.

 “Азыркы күндө кудайга шүгүр жакшы. 20 жылдыктар үй салып берди, канча жыл үйүбүз жок жүрдүк. Балдарымдын атасы өтүп кетти. Аларга ыраазчылык билдирем. Рахмат аларга, аллах алардан ыраазы болсун” –деди  Айгүл Ысманова.

Ал эми үйдү куруу үчүн, жалпы 245 миң сом сарпталган.

 “Бул үй 1981-жылкы балдар тарабынан курулду. Максат быйыл 20 жыллык болгондугуна байланыштуу ортодо чогулган акча башка жака жумшалбасын деп, элибизде ушул эже жакыр экен ага үй куруп берели дедик. Ар бир бала 5 миңден чогулттук. 245 миң  сом жумшалды. Анын усталарын да өзүбүз жалдаганбыз” –деди бүтүрүүчү Турдали Кошбаков

Кулунду айыл аймагында жалпы 52 аз камсыз болгон үй-бүлө бар.  Буга чейин  Интернационал айылында да кайрымдуу инсандар тарабынан шарты жок үй-бүлөргө бир там курулган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.