Лейлек районунда баасы 28 млн сомду түзгөн медициналык мекеме курула баштады

Лейлек районун Кулунду айылында жалпы дарыгерлик практикалоо борборунун жаңы имаратынын капсула салуу аземи өтүп, курулуш иштери башталды.

Жаңы медициналык мекемеде хирургиялык жана жандандыруу бөлүмдөрү, дарыгерлер, медайымдар кабинети, ошондой эле бейтаптар үчүн палаталар жайгашат.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрь чейин аяктоо пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 28 миллион сомду түзөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.