
Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Анда айтылгандай, кечээ кечинде саат 17:30 чамасында, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл, Голбо жана Чимген айылдарындагы турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Чарбалардагы жолдор жана көпүрөлөр дагы бузулган.
Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, Ак-Терек айылында 25 турак үйдү, 20 турак үйдүн короолорун, мектепти, бала бакчаны жана мечитти суу каптады. Сел 16 жаштагы А.у.А.ны алып кетти. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар табышты.
Кошумча маалымат берилет.
Сүрөт: иллюстрация
- 20.07.2021