Лейлек: мигранттар аз камсыз болгон балдарды кышкы кийим менен камсыздады

Лейлектин Кулунду айылынын, учурда миграцияда жүргөн жаштары аз камсыз болгон жана ата-энеси жок балдарга 100 миң сом чогултуп беришти. Мектеп жетекчилиги, каражатка окуучуларды кышкы кийим менен камсыздады.

“100миң сомго окуучуларга негизинен бут кийим, куртка, эң зарыл болгон нерселерин алганга аракет кылдык. Баарына бере албасак да, ата-энеси бар бирок турмуш шарты өтө оор балдарга да берип жатабыз” –деди В.И Ленин атындагы орто мектебинин директору Рахматулла Искандаров.

Бул менен айылдагы аз камсыз болгон жана ата-энеси жок  В. И. Ленин атындагы орто мектебинен  87 бала жана Таир Жолдошев атындагы орто мектебинен 24 бала кышкы кийим менен камсыз болушту. Жаштардын мындай кайрымдуулук ишине окуучулар эле эмес жалпы эле жашоочулар  ыраазычылык билдиришти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.