Кызыл аттестат менен бүткөндөрдүн ЖРТ жыйынтыгына эми 20 упайдан кошулбайт

 Мектепти артыкчылык бүтүргөндөргө эми эч кандай жеңилдиктер каралбайт. Бул тууралуу Улуттук тестирлөө борборунан билдиришти.

Борбор директору Артур Бакировдун айтымында, кызыл аттестатка талапкер окуучулар 12-майда тест тапшырышат.

“Өткөн жылы 1,2 миң талапкер болгон. Быйыл да ошондой эле сандагы окуучулар болот деп күтүп жатабыз. Алар эне тил жана мамлекеттик (орус тилдүү мектептегилер) жана расмий тилден (кыргыз тилдүү мектептегилер), тарых, математика, химиядан тест тапшырышат”, -деди Артур Бакиров.

Өткөн жылы мыкты билимин далилдеген окуучулар мамлекеттик сынактан бошотулуп, кызыл аттестат алуу менен ЖРТдан алган упайына 20 упай автоматтык түрдө кошулчу.

“Коргоо кеңеши бул маселени карап, упай кошуу же жеңилдиктерди берүү коррупцияга жол ачат деп чечишти. Ошондуктан, эч кандай жеңилдиктер болбойт. Биз буга аябай капа болдук. Анда балдар аракеттенип не кылат? Окуучулар муну жакшы түшүнүшөт. Алар үчүн моралдык жагы гана калып атат. Бул нерсе ата-энелерге көбүрөөк керек”, – дейт Бакиров.

Тест артыкчылык күбөлүгүнө талапкер болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгын текшерүү үчүн өтөт. 2011-жылы кызыл аттестатка 3 миң окуучу талапкер болсо, акыркы жылдары алардын саны кескин кыскарды.

Тестке катышкан бүтүрүүчүлөрдүн 20%га жетпегени гана мыкты билимин далилдеп, кызыл аттестат алышат.

Булак: 24.kg
Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.