“Мас болуп” кызматтан алынган жетекчини айылдаштары жактап чыгышты

Күн мурун Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысы  Расулбек Ташов  “ишке мас абалында келген” деген жүйөө менен кызматтан алынган. Анткени интернетте видео тарап, анда Ноокат райондук статистика  бөлүмүнүн жетекчисинин бөлмөсүндө мас абалында уктап олтурган эки киши көрсөтүлгөн.

Кийинчерээк  Улуттук статистика комитети кызматтык иликтөө жүргүзүп, Ноокат райондук стат бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовго карата “эмгек тартибин одоно бузган”  жана жумушка “алкаголдук баңгизат же мас абалында” келген деген негизде ээлеген кызматынан алган.

Бүгүн ишинен кол жууган  жетекчи жана айылдаштары нааразычылыгын билдирип, маалымат жыйын өткөрүштү.  Расул Ташовдун айтымында  кесиптештери ага даары берип уктаткан жана ал спирт ичимдектерин пайдаланбайт.

“Мен эч кандай ичимдик ичкен эмесмин. Анан менин ичпегендигимди далилдеш үчүн убакыт көп өтүп кетти ошондуктан кыйын болуп калат го деп жатам. Бул окуя президенттик шайлоонун эртеси — 2017-жылдын 16-октябрында болушу мүмкүн. Шербетке кимдир бирөөлөр уйкунун дарысын кошуп коюшуп, биз уктап калыптырбыз. Муну атайын каралоо максатында уюштурушкан. Эртеси күнү ооруканага да кайрылгам, алардын катоосунда болуш керек менин ден-соолугума байланыштуу барганым”-деди Р. Ташов.

Айылдаштарынын белгилешинче бул жөн гана кызмат үчүн болгон жалаа жана каралоо.

“Биз бул баланы жакшы билебиз. Эч качан ичимдик ичкен эмес. Биз чоогу бир айылда турабыз, мечитке чоогу барабыз. Бул жөн гана кызматты алуу үчүн уюштурулган иш. Бүгүн интернетте тараган видеону көрүп, унчукпай тура алган жокпуз”- дейт айылдашы Рустам Маматраимов

Белгилей кетсек, Расулбек Ташов Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн жетекчилигине бир жыл мурун дайындалган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.