Кыздар жигиттерден эмнени жашырат?

Көпчүлүк эле кыздар сезимтал, назик анан аябай эле тарынчаак болот. Алардын көңүлдөрү биздин Ала-Тоонун аба ырайындай бат-баттан өзгөрүлүп турат десек да болчудай. Айымдардын кээ бири өзүнө эмне керектигин так билбесе да себепсиз эле таарына беришет. Муну көпчүлүк эле мырзалар эркелеп жатат деп кабылдаары бышык.

 yntymak.kg сайты кыздардын купуя сырларын ачууга даяр 😉

Мырзалар, тезинен бул макалага көз жүгүртүңүздөр.

1. Эч бир кыз үйдө жалгыз калганда өзү үчүн тамак жасабайт.

2. Кыздардын 90%ы өзүнүн келбетине нааразы.

3. Эгер айымдар ушул калыпта кете турган болсо, алардан  мыкты фотограф чыкмак. Анткени алар өздөрүн сүрөткө тартуудан эч качан эринбейт. Уюлдук телефон менен жүз жолу сүрөткө түшүшүп, ашып барса алардан бир же экөөнү гана тандап алышат.

4. Айымдар табиятынан акылдуу эмес, сулуу кыздарга көбүрөөк күйүгүшөт.

5. Көпчүлүк эле кыздар мурда сүйлөшкөн жигитин унутуу үчүн жок дегенде 1 жыл убактысын коротот. Жигитти катуу сүйбөсө деле.

6. Кыздар турмушка чыккан соң, курбуларына күйөөгө тийбей эле койгула деп сөзсүз түрдө айтышат.

7. Жагымсыз адаттары болсо да, сүйүктүүсүнүн жанында баарын жашыра алат. Керек болсо алардын жанында таптакыр башка кыздын ролун да жаратып жиберишет.

8. Бардык эле кыз сыртынан билдирбегени менен косметиканы катуу жакшы көрөт. Окууга же жумушка боёнуп келбесе да, бирок үйүндө косметикасы бар.

9. Кыздар үчүн белекти ким берип жаткандыгы маанилүү деле эмес. Алар анын ичиндегисине гана кызыгышат.

10. Кыздардын көпчүлүгү  эле качандыр бир кездеги сүйлөшүп жүргөн жигитинин  жазган SMS билдирүүлөрүн же ал берген белекти сактап жүрө беришет.

11. 10-14 жаштагы курбулар бир эле жигитке ашык болушат. Аны алар ичинен сезип жүрүшкөнү менен сыртынан таптакыр  билдиришпейт.

12. Сүйлөшкөн кызыңызды көбүрөөк билгиңиз келсе, курбулары менен тил табышыңыз. Анткени ортодогу атааңдаштык бардык сырды ачып берет.

13. Сырты кооз дептерлерди өздөрүнө керексиз болсо да, сатып ала беришет.

14. Эгер сүйүктүү айымыңыздын маанайы жок болсо, анын себебин билүүгө аракет жасаңыз. Сурабай койсоңуз, таарынычы күчөп кетиши ыктымал. Ал сизди абалымды суроого милдеттүү деп билет.

15.  Бирөөлөрдү сынаганды жакшы көрүшөт. Ошол эле учурда  бизди да кимдир бирөө ушинтип сынаса керек ээ деп бири-бирине айтып коюшат.

16. Кыздар кең далылуу мырзаларды жактырышат. Бирок жигит тандоого келгенде эмнегедир арык жигиттер менен мамиле куруп алышат да кең далылууларды көргөндө суктанып коюп жүрө беришет.

17. Кыздар себеби жок эле ыйлай беришет. Бул алардын өзгөлөрдүн көңүлүн бурдуруу үчүн колдонгон куралы.

18. Айымдар көтөрүңкү добуш же буйрук берип сүйлөгөндөр менен тил табыша албайт. Алардын көңүлүн бир гана акырын, сылык сүйлөө менен ала аласыз.

19. Араңыздарда келишпестик орун алса, муну милдеттүү түрдө сөзсүз курбуларына айтат.

20. Бир нерсени сизден жакшы билип турса да, билмексен боло бергенди жактырышат.

21. Кыздар мырзалардын биринчи жолку  телефон чалуусун ала беришпейт. 2-3 жолу чалганыңыздан кийин гана алууну жакшы көрүшөт.

22. Эч качан биринчилерден болуп кечирим сурашпайт. Күнөөлүү болушса да. Андыктан күч кубатты сизге берсин☺

                                              Макала жактыбы? Анда досторуң менен бөлүш!☺

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.