Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Жапаровду Минкабдын башчысы болушу менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян Акылбек Жапаровго Министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу  куттуктоо катын жөнөттү.  

Ли Кэцян белгилегендей, дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 29 жыл аралыгында эки өлкөнүн биргелешкен күч-аракетине жараша кыргыз-кытай мамилелери ар дайым сергек жана туруктуу өнүгүү динамикасына ээ болуп келген.

«Сиз менен тыгыз жумушчу байланыштарды бекемдөөгө, эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты үзгүлтүксүз тереңдетүүгө жана чыңдоого, кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүдөгү жаңы ийгиликтерди илгерилетүүгө даярмын», – деди ал.  

 Ли Кэцян Акылбек Жапаровго чың ден-соолук, бакубаттуулук жана жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.