
Кытай менен чек арадагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштады. Бул тууралуу Ресбупликалык штабдан маалым болду.
2020-жылдын 14-апрелинде жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин эки өлкөнүн жүк ташуулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Кытай Эл Республикасы менен макулдашылды.
“Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын маселеси аймактагы эпидемиялык абалдын андан ары өнүгүшүн эске алуу менен каралат. Мында эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү чектөөлөрү сакталат.
- 15.04.2020