Кытай: Дарыяга чөгүп кеткен 8 жаш баланын жансыз денелери табылды

Кытайда сууга чөгүп жаткан досун куткарууга аракет кылган 7 окуучу каза болгондугун чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя кечээ, 21-июнда Туннань уездинин Мисьнь калктуу конушунда орун алган. Жергиликтүү бийлик органдарына Фуцзян дарыясына окуучу түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуучуларды издөө учурунда 8 окуучунун жансыз денеси дарыядан табылган.

Кырсыка кабылган балдар эс алуу күнү дарыянын жээгине ойногону кетишкен. Алардын бири дарыяга кулап кеткенде калган 7 окуучу аны куткарууга аракет кылып жатып, алар да сууга чөгүп кетишкен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.