
Кыргызстанга келген франциялык турист кыз 10 күндөн бери дайынсыз. Учурда аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдалды.
Маалыматка ылайык, кечээ 17-октябрда Франциянын жараны Бишкек ШИИБнин нөөмөт бөлүмүнө байланышка чыгып, Флорентина аттуу курбусу ушул жылдын 9-октябрынан бери дайынсыз болуп жатканын айткан. Ошол эле күнү Франциянын К.П. аттуу жараны милицияга кайрылып, анын жубайы Флорентина Кариерди табышууга жардам сураган.
Дайынсыз болуп жаткан турист 25 жашта болгон. Ал 9-октябрда саат 20:00 чамасында Ош шаарынан Бишкекке келгенин жакындарына кабарлаган. Флорентина Кариер ошол бойдон дайынсыз.
Турист кыздын жүргөн жерин аныктоо үчүн Бишкектин 4 районунун ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери тартылган. Издөө учурунда кызды Бишкек-Балыкчы жолунан көргөндөр бар экендиги маалым болгон.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
- 18.10.2019