Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча спортчулары Казакстандагы мелдешке катышууда

Кыргызстандын жети спортчусу Казакстанда өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча мелдеште күч сынашууда. Спорттук таймаш 15-январда башталып, 17-январда жыйынтыкталат. Бүгүн кечинде жарыштын алгачкы жыйынтыктары чыгат.

Спортчулар мындан сырткары олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын байгелерине арналган эл аралык мелдешке да катышат. Үч күндөн кийин башталуучу таймаш да жеңил атлетика боюнча өтөт. Жарышта өлкө намысын жети спортчу коргойт.

Жети спортчу менен эки машыктыруучунун кеткен чыгымына 308 миң сом бөлүндү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.