Кыргызстандын укук коргоочулары мекендештерди колдоо үчүн Казакстанга барышты

Акыйкатчы институту менен Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун делегациясы Казакстандагы кыргыз жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн коңшу өлкөгө барышты.

Акыйкатчы аппаратынан билдиришкендей, 9-февралда укук коргоочулар Алматы шаарынын прокурорунун орун басары Нурлан Ауганбаев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Ауганбаев Кыргызстандын жарандарына байланышкан укуктук маселелерди чечүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары ал бүгүнкү күндө Алматыда камакка алынган кыргыз жарандары жок экенин белгилеп, Чолпонбек Сыдыков менен Викрам Рузахуновго байланыштуу кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, делегация мүчөлөрү 10-февралда Тараз шаарына барып, Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эльвира Азимова менен жолугушуу өткөрөт. Болжолдуу маалыматтарга ылайык, бул шаарда эки кыргызстандык камакта отурат.

Мындан тышкары сапардын алкагында укук коргоочулар Казакстандагы жабык жайлар менен социалдык жайларга барып, бул өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандары менен жолугушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.