Кыргызстандын “Таза коом” долбоору менен донор уюмдар таанышышты

Кыргызстанды “Таза Коом” долбоору менен  таза жана ачык коом куруу, позитивдүү чөйрөдө өнүгүү боюнча пландары байланыштырат. Бул тууралуу Премьер-министр  Сооронбай Жээнбеков 30-майда, “Таза коом”. Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү» аталышында өткөн эл аралык конференцияда билдирди.

“Таза Коом” улуттук долбоорунун алдында трасттык фонд түзүлөт. Программанын ишке ашышына кызыктар мамлекеттер ага каражат которсо болот. Фондго түшкөн акча паракорсуз мамлекеттин инфраструктурасын түзүп, өлкөдө электрондук кызмат ишин баштайт.

Бул иштерди аткаруу 2040-жылга чейин болжолдонуп, алгачкы этабы 2018-жылдын башында башталат.

Бишкекте өткөн жыйынга Дүйнөлүк банктын, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган. Жалпысынан 80ден ашуун эл аралык эксперттер катышты.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.