Кыргызстандын түштүк аймагындагы 20 кесиптик-техникалык лицейге 120 компьютер берилди

Ага Хан фондунун “Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы” коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан “Аракетчил” долбоорунун алкагында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы аталган долбоордун IT курстарына катышкан 20 кесиптик-техникалык лицейге (КТЛ) компьютердик лабораториялар менен жабдуу жагынан колдоо көрсөтүлдү.

Бардык зарыл программалык камсыздамалары бар 120 компьютер төмөнкү аймактарга жеткирилди:

  • Ош облусундагы 7 лицейге – 42 компьютер
  • Жалал-Абад облусундагы 4 лицейге – 36 компьютер
  • Баткен облусундагы 9 лицейге – 42 компьютер

2021-жылдын апрелинен бери “Аракетчил” программасынын алкагында кесиптик-техникалык лицейлердин жана жеке менчик билим берүү борборлорунун мугалимдери үчүн санариптик көндүмдөр боюнча курстар өткөрүлүп келди. Курстарда негизги санарип көндүмдөрү, “Кеӊсе тиркемелери боюнча адис” программасы, графикалык жана веб жасалга боюнча окутуу, ошондой эле TOT тренингдери жүргүзүлдү. Түштүк облустардагы 20 кесиптик лицейден 44 мугалим окууга катышты.

2022-жылдын январынан баштап долбоордун 41 максаттык райондорунда жашаган 18-34 жаштагы 1000ден ашык улан-кыздары үчүн IT курстары башталышы күтүлүүдө.

“Бул курстар эми жаштардын бекер калбай жумуш табышы үчүн зарыл санариптик көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушуна өбөлгө түзөт деп үмүттөнөбүз – деди “Аракетчил” долбоорунун координатору Эмилия Саалиева.

“Биз атайын жабдылган заманбап лабораторияларда окутуу IT чөйрөсүндө жол таап кеткен жаштардын катарын калыӊдатууга мүмкүндүк берет деп эсептейбиз. Алар жумуш таап эле тим болбой, инвестициялык бизнесин да башташы мүмкүн”.

«Аракетчил» долбоору Япония Өкмөтү тарабынан Дүйнөлүк Банк менен өнөктөштүктө каржыланып, Ага Хан Фондунун «Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы» коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.