
Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясына болгон расмий визитинин алкагында Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплексине анын ачылышына байланыштуу барды.
Ачылыш аземине Эр-Рияддын Губернатору, Ханзаада Фейсал Бин Бандар аль Сауд, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Сауд Арабиясында жашаган мекендештер катышты.
Улуттук гимндин коштоосунда Кыргызстандын туусу салтанаттуу көтөрүлдү.
“Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдел Азиздин жеке көзөмөлү менен Эр-Рияддын кичинекей бөлүгүнө айланган элчилигибиздин жаңы имаратынын түндүгүн көтөрүп жатабыз. Кыргыз желеги желбиреп, тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Бүгүнкү күн баарыбыздын жүрөгүбүздөн орун алып, дайыма эсте калат деп ишенем. Баарыңыздарды ушул кубаныч менен чын дилимден куттуктайм”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Президент бул Элчилик эки өлкөнү байланыштырган көпүрө гана эмес, бекем өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи.
- 17.12.2019