Кыргызстандын муфтийи шайланды

Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп кайрадан шайланды. Анын талапкерлигин бүгүн Бишкекте өтүп жаткан алтынчы курултайда катышуучулардын көбү колдоду. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Максатбек ажы Токтомушев 2014-жылы үч жылга шайланып, быйыл мөөнөтү аяктаган. Ушуну менен ал экинчи ирет муфтий болуп шайланды.

Маалыматтарга ылайык, буга чейин муфтийликке эки талапкер Чубак ажы Жалилов менен Ниязалы ажы Арипов шайлоого катышуудан баш тарткан.

Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстандын тарыхындагы онунчу муфтий.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.