
Кыргызстан муфтийи Замир Ракиев коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралууе өлкөнүн мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Анын айтымында, Ракиев кытайлык Синофарм вакцинасынын биринчи дозасын алган жана өзүн жакшы сезүүдө.
Ошондой эле башкармалык муфтий менен бирге аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан ислам университетинин проректору жана Бишкек шаарынын имамдары эмдөөдөн өткөнүн белгиледи.

Буга чейин аалымдар кеңеши COVID-19га каршы эмдөөлөрдүн зарылдыгы жөнүндө фатва чыгарган.
- 15.07.2021