Кыргызстандын муфтийи Афганистандагы кыргыздар менен жолугушат

Кыргызстандын муфтийи Афганистандагы кыргыздар менен июль айларында жолугушуп, алардан кабар алат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

“Мындай чечим Максат ажы Токтомушевдин Афганистандын Кыргызстандагы элчиси Мохаммад Исса Месбах менен жолугушуусунда белгилүү болду”,- деп белгилешти муфтияттан.

Жолугушуунун алкагында тамак-аш азыктары менен окуу куралдары да жеткирилет. Ошондой эле күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюмдарды да алып баруу пландалууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.