Кыргызстандын калкынын саны 6 млн 140 миңден ашты

Кыргызстандын калкынын жалпы саны 2017-жылдын башына карата 6 миллион 140 миң 200 адам болду. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитети Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Улуттук курам боюнча алсак, кыргыздардын саны 4 492 667 адам экени белгилүү болуп, 73,2 пайызды түздү.

Кийинки орунда өзбек (14,6 пайыз), 3-орунда орус (5,8) улутундагылар турат. Ал эми эң аз пайыз менен (0,1) немис улутундагылар көрсөтүлгөн.

Тизменин акыркы графасында латыш улутундагы кыргызстандыктар көрсөтүлүп, алардын саны учурда 77 экени жазылган. Статкомдун улуттар курамы боюнча тизмесинде кыргыздарды кошкондо 23 улуттун саны көрсөтүлгөн. Ал эми 43799 адам башка улуттар деген графа менен берилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.