
Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Мелдеш 15-16-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.
Анда 55 килограммдан тарта 130 килограмм салмактагы спортчулар мелдешти. Жалпы 10 салмак категориясында балбандар күч сынашып, 10 жеңүүчү аныкталды.
- 17.01.2022