
Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Түркиянын командасы менен экинчи ирет жолдоштук беттеш өткөрүп, 8:3 эсебинде жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, беттеш кечээ, 4-декабрда, Бишкек шаарында “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде өттү.
Аталган оюндар 2020-жылы өтө турган футзал боюнча Азия биринчилигине даярдык көрүүнүн алкагында өткөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, алгачкы жолдоштук беттеште кыргызстандык футболчулар Түркияны 5:3 эсебинде жеңип алган.
- 05.12.2019