Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз өткөн Казакстандын жараны кармалды

15-март күнү Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казакстандын 1969-жылы туулган З.Ф. аттуу жараны кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган жаран 2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммадагы акча каражатын карыз болуп, аны төлөөдөн качуу максатында Кыргызстанга качып келгенин айтты.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.

 Азыркы учурда кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.