Кыргызстандын аскерлери Сирияга үч багытта киргизилиши мүмкүн

Кыргызстандын аскерлери Сирияга жиберилиши ыктымал. Бул тууралуу маалыматты “РИА Новости” агенттигине Орусия Мамдумасынын Коргоонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов билдирген. Депутаттын айтымында Казакстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн  Сирияга киргизүү боюнча азырынча сүйлөшүлөр гана жүрүп жатат.

Бул маселе боюнча Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров ЖККУнун жыйынында жалгыз тынчтык орнотуу контингенти тууралуу сөз болгонун тастыктайт. Бирок уюмдан Кыргызстанга расмий  кайрылуу түшкөн эмес.

“Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок. Ал эми кыргыз аскерлерин Сирияга жиберүү ыктымалдыгы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарланган билдирүүлөр туура эмес”, – деди Темир Жумакадыров.

Кыргызстан элдер ассамблеясынын төргасы Токон Мамытов Сирия өлкөсүнө кыргыз аскерлери үч багыт боюнча киргизилиши мүмкүн экенин айтат.

“Биринчиси – качкындарга гуманитардык жарадам берүү үчүн,  экинчиси согуш токтогон аймактарда коомдук тартипти сактап, элдин тынтыгын коргоо, үчүнчүсү Сирия өкмөтү менен куралдаган оппозиция жана террористердин ортосунда жүрүп жаткан согушту токтотууга багытталышы ыктамал. Бул үчүн Сириядан жана эл аралык коопсуздук уюмдарынан атайын кайрылуу Кыргызстанга келиши керек”, – деди Мамытов.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.