Кыргызстандыктарды тез арада вакцинанын бустердик дозасын алууга чакырышууда

Кыргызстан 2022-жылдын июлуна чейин COVID-19га каршы эмдөө менен 70% камтууну пландаштырууда. Бул туралуу бүгүн, 25-февралда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, тилекке каршы, жыл башында эмдөө менен камтуу көрсөткүчү дүйнөлүк жана аймактык деңгээлде белгилүү максаттарга жеткен эмес.

Ошондой эле 60 жаштан ашкан улгайган адамдарды иммундоонун төмөн деңгээли тынчсызданууну жаратат. Тез аранын ичинде вакцинанын биринчи жана экинчи дозасын алган жарандар бустерди алуусу зарыл, алар бир миллиондон ашык адамды түзөт. Буга байланыштуу ССМ кыргызстандыктарды ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.

«Өлкө өзгөчө кырдаал режимин жокко чыгара элек. Омикрон коронавирустун акыркы штаммы жана пандемия аяктады деп айтуу туура эмес. Бул тууралуу азырынча сөз боло элек. Эми сергек болуп, ден соолугубузду ойлоп, коронавируска каршы вакцина алышыбыз керек. Вакциналар жетиштүү, аларды колдонуш керек. Johnson & Johnson вакцинасы жакында келет, анткени биздин жарандар аны сурап жатышат. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз. Бирок калк дагы активдүү болуп, коронавирус менен күрөшүүдө бизге жардам бериши керек. Бардык эмдөө жайлары ачык, бардыгыңыздарды эмделүүгө чакырабыз!», – деп белгиледи Ишенапысова.

Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн айырмаланып, эмдөө үчүн бекитилген COVID-19 вакциналарын кеңири тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда өлкөдө колдонулуп жаткан бардык вакциналардын натыйжалуулук пайызы жогору.

«COVID-19га каршы вакциналарды колдонуу учурунда биз көзөмөлдү тийиштүү деңгээлде жүргүздүк деп ишенимдүү айта алабыз. Бул убакыттын ичинде, чынында эле, ысытма, алсыздык, ооруксунуу, жүрөк айлануу сыяктуу терс таасирлери катталган. Бирок бир дагы олуттуу терс таасир, вакцинадан бир дагы өлүм катталган жок”, – деп ишендирди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.