
Май майрамдарына байланыштуу кыргызстандыктар 2017-жылдын 5-9-майына чейин эс алат. Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Эмгек Кодексинин 113 беренесине ылайык, эс алуу жумуш эмес күндөрдү рационалдуу пайдалануу максатында жумуш күндөрдү которуу боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду.
Ага ылайык, беш күндүк жумуш күн графиги менен иштеген уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 13-майындагы эс алуу күнү, 2017-жылдын 8-майындагы жумуш күнүнө жылдырылды.
Ошону менен 2017-жылдын 8-майы эс алуу күн болгондуктан кыргызстандыктар 5-6-7-8-9-май күндөрү эс алышат. Ал эми 13-май жумуш күн деп эсептелет.
- 25.04.2017