Кыргызстандыктар кийинки жумада үч гана күн иштешет

Кыргызстандыктар кийинки жумада үч гана күн иштешет. Ноябрь айынын 7синен 11ине чейин 4 күн эс алуу болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет.

Бул күндөр быйыл бейшемби жана жумага туура келгендиктен, кыргызстандыктар 7-8-9-10-ноябрда катары менен 4 күн эс алышат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.