Кыргызстандыктар: Баткенде эң биринчилерден болуп мейманкана ачкан ишкер

Гүлнара Жолболдуева алгач Баткен шаарында бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенген. Андан соң 18 жыл автобекетте дистепчер болуп иштеди. 1999-жылы алыскы Баткен облусунун борборунда заманбап шарты бар, мейманкана жок экендигин байкайт. Анткени региондордон, борбордон Баткенге отчет үчүн каттаган адамдарын саны көбөйгөн.  Ошентип үй-бүлөсү менен кеңешип 5 орунду мейманкана курууну чечет. Жыл сайын кардарларынын саны артат. Арадан төрт жыл өткөн соң,  жолдошу менен кеңешип, эки кабаттуу 40 орунга ылайыкташтырып кеңейтишет.

Башында албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок.  Кызмат көрсөтүүнү жакшы билбейбиз, шартыбыз да жакшы эмес. Бирок мунун баарын акырындык менен өздөштүрдүм. Атайын окуу курстарынан өттүм. Баары артта калды деп айта албайм, азыр да изденүүнүн үстүндө жүрөм.  Мейманкана бизнесинде эң негизгиси тазалык, тынчтык.  Көздөгөн максатка жетүүдө талбай эмгектенүү керек. Сөссүз эле бир кызматта же болбосо ири шаарларда жакшы жумушта иштөө эмес. Ийгиликти бардык жерде жаратса болот. Ал жер тандабайт, негизгиси изденүү, максат, талбаган эмгектенүү гана керек”-дейт Гүлнара Жолболдуева

Учурда ишкер айым буюртма менен, фуршет иш чараларды да өткөрүүнү колго алган. Баткенге келген чет өлкөлүк конокторго ири шаарлардан кем эмес, деңгээлде шарт түзгөн. Заманбап мейманкана иштетүү менен киреше табып, Баткен шаарынын бюджетине да салым кошуп келет. Анын конок үйүндө, министрлер эле эмес, Американын Кыргызстандагы элчиси, ал турсун президент Алмазбек Атамбаев да мейман болуп кеткен. Гүлнара Жолболдуева , көп жылдык эмгегинин үзүрү кайтып, президенттин ардак громатасы менен сыйланды.

Эске салсак, Кыргызстандын түштүгүндөгү  ири курулуштар, аларды жараткан инсандар.  Өз чөйрөсүндө ийгиликке жеткен коомдогу атактуулар. Эл үчүн кызмат кылып, алкыш тапкандар  менен  “Ынтымактын” “Кыргызстандыктар” программасында таанышыңыздар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.