Кыргызстандык кичинекей «Брюс Ли» «Баарынан мыкты» теледолбоорун багынтты

Жети жаштагы Нурмухаммед Ташмаматов Максим Галкиндин “Баарынан мыкты”  теледолбоорунда Брюс Линин мушташ ыкмалырын аткарып, медаль тагынды.

Жетижаштагы спортчу 2 жылдан бери каратэ менен алектенип, интернет булактарына видеолорун жарыялап турчу. Жеткинчек Орусиянынын «Биринчи каналынын» “Баарынан мыкты” теледолбоорун көрүп, ага катышууну самаган. Ата-энеси  баласынын кыялын ишке ашырды. Долбоордун дарегин таап, ага атайын анкеталарды толтуруп жиберишкен.

Теледолбоордун шарттарына ылайык, Нурмухаммед Брюс Линин кыймыл-аракетин, мушташ ыкмаларын аткарып, тасмага тартып жиберген. Ушундай эле тапшырма анын жүздөгөн атаандаштарына да берилген. Алардын арасынан Нурмухаммеддин кыймыл аракетине таң калган калыстар кыргызстандык спортчуну атасы менен чогуу Москва шаарына чакырышкан.

Азырынча Нурмухаммед катышкан теледолбоордун видеосу жарыялана элек. Жакында Оруссиянынын «Биринчи каналынан» көрсөтүлгөнү жатат.

Эске салсак, Максим Галкин алып барган аталган программага Кыргызстандан  беш жаштагы эгиздер Айпери менен Нурпери да катышкан. Телепрограмма 3 жаштан 12 жашка чейинки өзгөчө таланты бар балдарды коомчулукка алып чыгат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.