
Кыргызстандык Нурадин Рустамбек уулу, Мирзохид Имамназаров жана Рыспек Бектенов 22 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Мелдеш 20-январдан баштап Ташкент шаарында өтүүдө.
Нурадин Рустамбек уулу 71 кг салмакта мелдештин чейрек финалында тажикстандык Хуршед Усвалиевди 5:0 эсебинде утуп алды. Мирзохид Имамназаров 63,5 кг салмакта Япониядан келген Китамото Шунсукени 3:2 эсебинде, ал эми Рыспек Бектенов 60 кг салмакта Шри-Ланкадан келген Гадул Пассара Лекам Гедараны утуп алды.
Чемпионат 30-январда жыйынтыкталат.
- 24.01.2022