Кыргызстанда жыл башына карата жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү

Кыргызстанда 2022-жылдын башына жумушсуздуктун деңгээли 2,9%ды түздү. 2020-жылга салыштырмалуу 0,1 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинен маалымдашты.

Ал эми ишке орноштуруу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 0,6%га өсүп, 99,3 миң адамга жеткен. Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүү максатында жаштарга эмгек рыногунда талап кылынган кесипти тандоо боюнча кеңеш берүү максатында Бишкек, Ош, Нарын жана Каракол шаарларында кесиптик багыт берүү борборлору ачылды.

Жумушсуз жарандардын эң көбү Баткен жана Жалал-Абад облусунда болууда. Бишкек менен Чүй облусунда жумушсуз жарандар салыштырмалуу аз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.