
Өлкөдө жер көчкү түшүүчү аймактан көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандардын саны 5 миңге чукул. Алардын эки минге жакынына материалдык жардам жана жер тилкелери берилген. Дагы 700 үй-бүлө жер тилкесин алуу үчүн кезекте турат. 2 300 үй-бүлө болсо башка жакка жашоого жер алып, бирок кооптуу аймактан көчпөй жатышат.
Учурда өлкө аймагында тынымсыз жер көчкү түшүп жатат. Мындан улам адистер түшүндүрүү иштерин алып барышууда. Бирок жарандар кайдыгерликтен улам кооптуу жерде жашоосун улантып жатышат.
Январдан апрелге чейин 77 жер көчкү катталды. Андан алты адам каза таап, 4 турак жай жабыркады.
Жер көчкүнүн көп катталып жатышынын себептери катары жаан-чачындын көп болушу айтылууда.
- 10.04.2017