Кыргызстанда жаан чачындуу аба ырайы дагы эки күнгө уланат

Өлкөдө жаан чачындуу аба ырайы дагы эки күнгө чейин сакталат. 5-6-апрель күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй менен Таласта -2…-4 градуска чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында болсо абанын температурасы -2 градуска чейин төмөндөйт.

Жаан чачындуу аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордун жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталууда. Өзгөчө Бишкек-Ош, Төө-Ашуу жана Арал-Миң-Куш авто унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу жогору болуп жатат. Мындан улам адистер унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырышууда.

Сүрөт: Спутник

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.