Кыргызстанда ун таңкыстыгы болбойт

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу азык-түлүккө, айрыкча унга болгон суроо-талап кескин өсүп кеткен. Буга байланыштуу бийликтер ун жетиштүү экенин айтып, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда 60 миң тонна дан сакталып турганын билдирген. Ошол эле учурда быйыл дан эгиндерин көп айдоо аракетинин үстүндө иштеп жатканын айтууда.

Ошондуктан, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ош облусунда жаздык арпа-буудай быйыл 57 130 гектарга себилди. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 113 гектарга көп экенин Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ал эми, Ош облусунун “Кара-Суу Дан азык” ун комбинаты Өкмөттүн материалдык резервдик фондунан бөлүнгөн 2500 тонна ун өндүрүп, таратуу жыйынтыкталды. Кыргызстан боюнча 5 миң тонна буудай  бөлүнсө, анын 50%ы  ушул комбинат аркылуу тартылып, даярдалып, таратылды. Жумушчулар 1-апрелден 20сына чейин дем алышсыз, 2 нөөмөт менен иштеди. 21-апрелден баштап, жеке тараптарга ун сатыкка чыгарылат жана 1 кг ун 31 сомдон туура келет.

Жакында маалым болгондой, Кыргызстан Орусиядан 33 миң тонна буудай сатып алууга келишим түзгөн. Анын миң тоннадан ашыгы 20-апрелде Чүйдүн Кара-Балта шаарындагы «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. Буга чейин 800 миллион сомго дан азыктарын сатып алары кабарланган.

Түркмөнстанда нан кымбаттады

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.