
Кыргызстанда ун, кумшекер, өсүмдүк майынын кору жетиштүү. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында 1 млн кг кумшекер, 500 миң литр өсүмдүк майы соода түйүндөрүнө жеткирилип жатат.
Буга чейин калктын аярлуу катмарын түзгөн акысыз 11 миң 467 тонна ун берилген. Кыргызстанда жалпы 230 миң үй-бүлө оор турмуштук шартта жашайт.
- 15.03.2022