Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

21-22-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүп жатат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Бул күндөрү күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкүсү түшүшү мүмкүн. Бишкек-Ош авто унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында көчкү түшүү коркунучу күч.

Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин адистер эскертишүүдө. Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.