Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө өзүнчө орган түзүлөт

Туризм боюнча мамлекеттик компанияны түзүү демилгеси көтөрүлүүдө. Эгер ишке ашса, анын карамагына туристтик 60 объект өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иши боюнча ар жылдык отчет угулуп жатканда билдирди.

Депутат Кубанычбек Нурматов Дүйнөлүк көчмөндөр оюунун өтүшү туристтердин агымын көбөйткөнүн белгилеп, өкмөт мүчөлөрүн туристтик аймактарда жайгашкан эс алуу жайларынын инфратүзүмүн жакшыртуу чараларын колго алууга чакырды.

“Мамлекеттик компания түзүлүп калса, анын башкаруусуна өлкө аймагындагы Арстанбап, Таш-Рабат сындуу туристтик объектилер берилет. Ал эми компаниянын өзү Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин көзөмөлүндө болот. Мындай компаниянын түзүлүшү туризм тармагындагы көптөгөн көйгөйлүү маселелердин чечилишине өбөлгө түзөт”, – дейт Өкмөт башы.

Депутат Бахадыр Сулейманов өткөн жылы өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө бюджеттен болгону 8 млн сом бөлүнгөнүн эске салып, бул өтө күлкүлүү нерсе экенин айтты. Анын пикиринде, туризмди келечектуу тармак катары карасак, анда андан каражат аябоо керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.