
Республика боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйноо аяктады. 2021-жылдын жыйынтыгына карата 577 миң гектар аянттан 1,3 миллион тонна кылкандуу дан эгиндери жыйналды. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 28,4 пайызга аз.
Жай айларындагы аномалдуу ысык температура жана сугат мезгилинде сугаруучу суунун жетишсиздиги кылкандуу дан эгиндердин түшүмдүүлүгүнүн кыскарышын шарттады.
Буудайдын дүң жыйымы өткөн жылга караганда 42,3% га, арпанын – 46,3% га кыскарган. Мындан тышкары, май өсүмдүктөрү -25,4% га, кант кызылчасы – 18,5% га, бакча өсүмдүктөрү – 14,0% га, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү – 4,4% га, дан жүгөрү – 3,2% га, картошка – 2,9% га жана жашылчалар – 1,5% га төмөндөдү.
- 14.01.2022