Кыргызстанда шайлоолорду өнүктүрүү үчүн Евробиримдиктен 2,5 млн евро грант бөлүндү

 Кыргызстандагы шайлоо системасын өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Евробиримдик  2,5 миллион евро өлчөмүндөгү грант бөлдү. Грант алуудагы негизги максат – ачык жана акыйкат шайлоолорду камсыз кылып, алдын ала даярдыктарды көрүү жана шайлоону кемчиликсиз өткөрүү.

“Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо – секторду реформалоо боюнча грант” программасын ишке ашыруунун натыйжасында, бардык этаптарда Борбордук шайлоо комиссиясына ишенимдүү байкоочулар көз салып, жарандардын ишеними кайтарылып, шайлоочулар жарандык укуктарын колдонуп  жана маалыматтар коргоолору күтүлүүдө.

Аталган программанын негизинде Европа Биримдигинен  2016-жылы 232 млн сом  грант бөлүнүп, ал каражатты БШК шайлоо үчүн электрондук үкөктөрдү сатып алууга жумшаган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.