
Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү 200 сомдон 500 сомго чейин көбөйүшү күтүлүүдө. Бул туурасында Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 700 млн сом каралды.
“Пенсияны көтөрүү боюнча сунуштарыбызды бердик, азыр алар каралып жатат”, – деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, пенсия акыркы жолу 2021-жылдан 1-октябрында жогорулаган. Анда 4 миң 785 сомго чейинки пенсияга 200 сом, андан жогорку суммага 500 сомдон кошулган.
2022-жылдын январь айында Социалдык фонд тарабынан 7280 жаранга пенсия дайындалып чектелген.
- 03.03.2022